• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Бишкексууканал» башкармалыгы муздак суунун тарифин жогорулатуу боюнча түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 24.10.19. /Кабар/. Күн мурун Бишкек шаардык кеңеш (БШК) “Бишкек шаарын суу менен камсыз кылуу жана суу агындылардын (канализация) баасын бекитүү тууралуу” токтомду кабыл алды. Ага ылайык, Бишкек шаарында 15-ноябрдан тарта муздак суунун жана канализациянын тарифи жогорулайт.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгынын жетекчи орун басары Мурадин Сейдалиев «Кабар» агенттигине билдиргендей, акыркы жолу сууга болгон тарифтер 2015-жылы өзгөртүлгөн. Төрт жыл мурун бекитилген баалар ошол кезде эле суунун өздүк баасынан кыйла төмөн болуп кабыл алынган. Анда ичүүчү суунун бир куб метри калк үчүн 5 сом 38 тыйынды түзгөн. Эми жаңы документке ылайык 8 сом 10 тыйынды түзөт.

«Биздин ишкана канча жылдан бери жоготуу менен иштеп келет. 2017-жылы дефицит 97 млн сомду түзгөн, 2018-жылы – 89 млн сом. Каражаттардын жетишсиздигинен биз оңдоп-түзөө, жаңылоо иштерин жасай албай келебиз. Каражат маселесине байланыштуу тутумдар жаңыланбай, биз жалаң гана авариялык абалда болгон тилкелерди тейлеп келебиз«, - дейт Сейдалиев.

Жетекчи орун басары белгилегендей, бүгүнкү күндө тутумдардын 80%ы эскирип бүттү. Бааларды жогорулатуу колдонууну жакшыртуу, алдыдагы тобокелчиликтердин алдын алуу жана коопсуздук үчүн жасалды.

Жаңы тарифтер боюнча ичүүчү суунун бир куб метрине болгон баа;

-калк үчүн – бир куб метрине 8,10 сом (буга чейин 5,38 сом болгон),

-бюджеттик мекемелер үчүн – 9,10 сом (7,38 сом),

-өндүрүш жана коммерциялык мекемелер үчүн – 13 сом (9,15 сом) түзөт.

Сейдалиев кошумчалагандай, эсептегичи жок үйлөрдө суу атайын кабыл алынган норма боюнча саналмакчы.

Ал эми БШК токтомуна ылайык, санитардык агындылар үчүн кийинки баалар бекитилген;

- калк – бир куб метрине 2,30 сом (буга чейинки тарифтер – 1,20 сомов),

- бюджеттик мекемелер – 3 сом (2,10 сом),

- өндүрүш жана коммерциялык мекемелер үчүн 6 сомду (4,02 сом) түзөт.

Пикир

Оставить комментарий