• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Бишкексууканал" ишканасы тарабынан мыйзамсыз иштерге жол берилген

Коом 0

Бишкек, 11-июль /Кабар/. Мамэкотехинспекциянын Суу объектилерин жана ресурстарын коргоо башкармалыгына Ак-Ордо конушунун тургундарынын үйлөрүнөн бир топ убакыттан бери суу тиешелүү деңгээлде чыкпай жатат деген арыз түшкөн. Анын негизинде, инспекторлор тарабынан суу бөлүштүрүүчү “Бишкек суу канал” ишканасы текшерилген.

Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүү иштери жеринде жүргүзүлүп, Ак-Ордо конушунун Алыкул көчөсүндө мыйзамсыз унаа жуучу жайлар аныкталган. Алар эч кандай уруксат кагаздары жок ишмердүүлүк кылганы, буга чейин "Бишкексууканал" тарабынан алардын ишин токтотууга чара көрүлбөгөнү аныкталды. Инспекторлор мыйзамсыз иштерди аныктаган соң, суу бөлүштүрүүчү ишкананын өкүлдөрү унаа жуучу жайлардын ишин токтотууга киришкен. Тиешелүү актылар толтурулуп, "Бишкексууканалдын" өкүлдөрүнө кемчиликтер жеринде көрсөтүлдү.

"Ошондой эле, ишкананын Баш-Карасуу аттуу суу бөлүштүрүүчү жайында техникалык талаптар бузулганы аныкталды. Маселен, ишкананын суу бөлүштүрүүдө алардын өлчөмүн чыгаруучу жабдыктары 2 айдан бери иштебегени белгилүү болду. Учурда мыйзамсыз иштер, кемчиликтер боюнча тиешелүү бардык материалдар чогултулуп жатат. Андан соң аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча убакыт берилет, эгерде Мамэкотехинспекциянын койгон талаптары убагында жокко чыгарылбаса, мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий