• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Бишкексууканалдын” колл-борбору убактылуу иштебейт. Альтернативдүү номерге чалыңыз

Коом 0

Бишкек, 21.07.22. /Кабар/. “Бишкексууканал” башкармалыгынын колл-борбору убактылуу иштебейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

"Электр тармактарын пландуу оңдоо иштерине байланыштуу «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын 1533 кыска номери убактылуу өчүрүлөт", - деп түшүндүрүштү муниципалитеттен.

23-июлда саат 09:00дөн 17:00гө чейин «Түндүк электр» ААК профилактикалык оңдоо иштерин жүргүзүүнү пландаштырууда.

Бишкек мэриясы суу менен камсыздоого байланышкан маселелер боюнча 0312 56-03-20 телефону аркылуу байланышууга болорун билдирет.

Пикир

Оставить комментарий