• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Бишкексвет" ишканасы Биринчи май районундагы тышкы жарыктандыруу тармактарын модернизациялоону улантууда

Коом 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. "Бишкексвет" муниципалдык ишканасы Биринчи май районундагы тышкы жарыктандыруу тармактарын модернизациялоону улантууда.

Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, ишкананын адистери Шаумян, Нарвская, Кеминская, Республикалык, Бобулов, Мичурин, Турусбеков көчөсүнөн Атбашы көчөсүнө чейин, Павлова көчөсү Рыскулов көчөсүнөн түндүккө карай, Коенкозов көчөсү Ташкент көчөсүнөн, ошондой эле Кекол, Оттук, Интернационал, Биринчи май чолок көчөлөрүндө жана Шевченко көчөсү Күрөңкеевден Жибек-Жолу проспектисине чейин тышкы жарыктандырууну жүргүзүштү.

"Эми Биринчи май районунун көчөлөрү 105 светодиоддук чырак менен жарыктандырылып, 3420 метр аба электр чубалгылары тартылды. Андан тышкары, №19 мектептин аймагында 9 светодиоддук чырактар жана кронштейндер орнотулуп, 280 метр электр зымдары тартылды", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий