• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Бишкексвет» ишканасы борбордо заманбап жарнама щиттерди орнотууда

Коом 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери заманбап жарнама щиттерди даярдап жана орнотууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ишкананын кызматкерлери шаар боюнча жарнама щиттердин бир партиясын орнотуп бүтүп, «Бишкекжарнама» муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүп берди, эми алар шаарга кошумча каражат алып келүүчү булак болуп калат.

«Мэриянын жарнамалык щиттери, Карл Маркс жана Ахунбаев, Жукеев-Пудовкин жана Ахунбаев, 7-апрель жана М.Горький көчөлөрүнүн кесилиштерине орнотулду. Эскерте кетсек, щиттердин биринчи партиясы шаардын төрт көчөсүнө: Павлов, Турусбеков Үмөталиев жана Чүй проспектисине орнотулган», - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, конструкциянын бийиктиги 8 метрди түзүп, калың темирден даярдалды жана ага шаардын логотиби менен номери түшүрүлдү.

«Бардык жарнама щиттери аба ырайынын ар кандай шарттарына туруктуу болушу үчүн атайын боёктор менен боёлот. Алардын эстетикалык көрүнүшү көркөм болушу үчүн ишкананын адистери жарнама щиттерине жарык берүү системасын иштеп чыгышты. Алар конструкциянын сыртында жайгаштырылган, энергияны үнөмдөөчү чырактар жарнама щиттерин жарык менен толук камсыздап турат», - деп баса белгилешти муниципалитеттен.

Шаардык бийлик кошумчалагандай, щиттерди даярдоодо дүйнөлүк практикадагы электр коопсуздугу жана өрт коопсуздугунун нормативдери жана техникалык стандарттар эске алынды. Эң негизгиси жарнама щиттери айдоочулардын коопсуздугуна залакасын тийгизбейт.

Бишкек мэриясы эгерде сиздин көчөдө караңгы болуп калса, сиздер үчүн дайыма ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы иштээрин эскертет: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле 0777 902-115 WhatsApp номуру аркылуу, жазуу түрүндө кайрылсаныздар болот.

"Бишкексвет" МИ соцтармактарда дагы бар:

Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312

Instagram: @mp_bishkeksvet

Twitter: @Bishkeksvet

Пикир

Оставить комментарий