• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Бишкексвет» ишканасы Ленин районунун тышкы жарыктандыруусун модернизациялоону улантууда

Коом 0

Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. « Бишкексвет» муниципалдык ишканасы Ленин районунун тышкы жарыктандыруусун модернизациялоону улантууда.

Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, ишкананын адистери Фрунзе көчөсүндө, Бакаев көчөсү Ахунбаев көчөсүнөн түштүктү карай, Амосов жана Барнаульский чолок көчөлөрүндө тышкы жарыктандыруу иштерин жүргүздү. Аталган көчөлөргө 95 светодиоддук чырак, кронштейн орнотулуп, 2 миң 590 метр аба электр чубалгылары тартылды.

«Ал эми «Арча-Бешик» жаңы конушунун Кара-Кужур, Ак-Куу, Эркин-Тоо, Көк-Дөбө, 15-чи көчөлөрү жарыктандырылып, 1 миң 800 метр аба электр чубалгылары тартылып, 73 чырак жана кронштейн орнотулду. Мындан тышкары, Манас проспектиси Жибек-Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин, Жибек –Жолу проспектиси Манас проспектисинен Үмөталиев көчөсүнө чейин 3 миң 150 метр зым (СИП) алмаштырылды», - деп айытлат билдирүүдө.

Бишкек мэриясы эгерде сиздин көчөдө караңгы болуп калса, дайыма ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы иштээрин эскертет: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле 0777 902-115 WhatsApp номуру аркылуу, жазуу түрүндө кайрылсаңыздар болот.

"Бишкексвет" МИ соцтармактарда дагы бар:

Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312

Instagram: @mp_bishkeksvet

Twitter: @Bishkeksvet

Пикир

Оставить комментарий