• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Бишкексвет" шаарды жарыктандырууну улантууда

Коом 0

Бишкек, 23.10.20. /Кабар/. "Бишкексвет" муниципалдык ишканасы тышкы жарык тармактарын модернизациялоо боюнча иштерин улантууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Аламүдүн-1" кичи районунда №36, №38, №39, №40, №41, №42, №43, № 57, №91, №92, №93, №94, №95 үйлөрүнүн короолорунун ичине тышкы жарыктандырууну орнотуу иштери жүргүзүлдү. Аталган жерге 73 чырак, 8 кронштейн, 51 темир түркүк орнотулуп, 1510 метр электр чубалгылары тартылды.

“Учурда №34, №35, №37, №52, №53, №54, №55, №56, №64, №65 короолорунун ичинде жарыктандыруу иштери өткөрүлүүдө. Аталган аймакка 17 светодиоддук чырак, 17 кронштейн орнотулуп, 380 метр аба чубалгылары тартылды”, - деп айтылат билдирүүдө.

“Эгерде сиздин көчөдө караңгы болуп калса, сиздер үчүн дайыма ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, ошондой эле 0777 902-115 WhatsApp номуру аркылуу жазуу түрүндө кайрылсаңыздар болот”, - деп билдирет мэрия.

"Бишкексвет" МИ соцтармактарда дагы бар:

Facebook: https://www.facebook.com/Bishkeksvet312

Instagram: @mp_bishkeksvet

Twitter: @Bishkeksvet

Пикир

Оставить комментарий