• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте 1-6-класстын окуучулары биринчи чейректеги окуусун онлайн улантышат

Коом 0

Бишкек, 19.10.20. /Кабар/. Бишкекте 1-6-класстын окуучулары биринчи чейректеги окуусун онлайн режимде улантышат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, мындай сунушту Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башчысы, Бишкек шаарынын башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев берген.

“Борбор калаадагы эпидемиологиялык кырдаалды байкаштырып, эгер кырдаал жакшырса окууну реалдуу режимде баштоого даярбыз”, - деп билдирет мэрия.

Маалыматка ылайык, Бишкекте сентябрь айында 7-16 жаш арасындагы 439 бала курч респиратордук вирустук инфекция жуктурган болсо, октябрь айынын алгачкы эки аптасында 425 бала ооруп калган. Ошол эле учурда 7-16 жаштагы балдар арасында коронавирус жуктурган 33 учур катталган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштамасына ылайык, курч респиратордук вирустук инфекция жуктурган окуучулардын саны 20%дан ашса, окуу процессин токтотуу керек болот.

Пикир

Оставить комментарий