• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте 1-февралдан тарта мектеп жана бала бакчаларды ачуу маселеси чечиле элек

Коом 0

Бишкек, 29.01.21. /Кабар/. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (Санэпидкөзөмөл) борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев Бишкекте 1-февралдан тарта мектеп жана бала бакчалардын баарын ачуу маселеси азырынча чечиле электигин "Кабар" агенттигине билдирди.

"Учурда бул маселе талкууланып жатат", - деди ал.

Эскерте кетсек, Бишкекте 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары кадимки режимде билим алууда.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, 1-февралдан тарта бардык мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерин салттуу режимге өткөрүү боюнча расмий буйрук келген эмес.

Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги салттуу режимге өтүү боюнча чечимди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Санэпидкөзөмөл борбору менен кабыл аларын айтат.

Пикир

Оставить комментарий