• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте 1-июлдан баштап автобус менен троллейбустарда накчалай акча алынбайт

Коом 0

Бишкек, 18.05.22. /Кабар/. Бишкекте 1-июлдан баштап автобус менен троллейбустарда жол акыны накталай акча менен төлөөгө болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын март айынан тарта BPC AG швецариялык компания менен бирге борбор калаада “Тулпар” картасы иштөөдө. Эки жылдан бери жарандардын ыйгалуулугу үчүн электрондук төлөө системасы иштеп келген. Эми 1-июлдан баштап муниципалдык транспорттордо накталай акча алынбай, “Тулпар” картасы толук иштей баштайт.

Төлөмдү төмөнкү жолдор менен жүргүзүүгө болот:
- “Тулпар” картасы аркылуу;
- “VISA” менен “ЭлКарт” картасы аркылуу;
- NFC виртуалдык картасы аркылуу;
- Balance менен “Тулпар” тиркемесиндеги QR код аркылу.

Пикир

Оставить комментарий