• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте 1-июнда балалык фестивалы жана D Billions тобунун алгачкы концерти өтөт

Маданият 0

Бишкек, 25.05.23. /Кабар/. Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 1-июнда балалык фестивалы жана дүйнөгө белгилүү D Billions тобунун алгачкы концерти өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине музыкалык топтун концерттик директору Кайрат Мусаев билдирди.

Майрамдык иш-чара 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата арналган. Фестиваль эртең мененки саат 10:00дөн 21:30га чейин уланат.

"Бул күнү Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянты кызыктуу иш-чаралар менен сыйкырдуу жарманкеге айланат. Балдар ата-энелери менен биргеликте “Көчмөндөр оюндары” боюнча этно жана улуттук оюндарга катыша алышат. Жаш коноктор кол өнөрчүлөрдү, искусство жана цирк боюнча мастер-класстарды, аквасүрөтүн кыдырса болот. Ошондой эле алар ден соолукка пайдалуу оюндарды ойноо менен кызыктуу убакыт өткөрө алышат", - деди Мусаев.

Кечки саат 19:30дан баштап фестивалдын башкы сахнасында кыргыз жылдыздары жаш көрүүчүлөрдү ырлары менен кубандырат: Гүлнара Тойгонбаева, Айдана Дека жана Аваз Акимов, Толгонай Арзыкеева, Иса Өмүркулов, Нурмат Садыров, Алмаз Адамалиев feat Айганыш, Адилет Жумабеков, Нурсултан Азыкбаев, Бек Исраилов, Айбек Замиров, Арсен, Тамга, Омар, Баястан feat Leggo, Leggo feat Rull, Баластан_kg, Нурлан Насип, Мирбек Атабеков, Ома Эма, Атай Өмүрзаков, Megakidz жана башкалар.

Кайрат Мусаев кошумчалагандай, балалык фестивалынын башкы окуясы бөбөктөрдүн интернет-контентинин сегментинде феноменге айланган D Billions музыкалык тобунун чыгышы болмокчу.

Белгилей кетсек, D Billions тобунун ырлары дүйнө жүзү боюнча дээрлик 40 миллиард жолу угулган.

Пикир

Оставить комментарий