• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте 1-июндан бери тез жардам кызматына 60 миңге жакын кайрылуу келип түштү

Ден соолук 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Бишкек шаары боюнча 1-июндан бери тез жардам кызматына 60 миңге жакын кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. “Ыкчам медицина борборуна 1-июндан тарта 59 миң 83 кайрылуу келип түштү. 5 миңден ашык медициналык кеп-кеңештер берилди. Тургундардын чалуулары боюнча 5 миң 71 чыгуу болгон. Жыйынтыгында пневмониянын 1 миң 323 учуру, коронавирустун 57 учуру аныкталды. Ошондой эле 840 адам ооруканага жеткирилди”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Бишкектин ар бир районунда эртең мененки саат 08:00дөн кечки 20:00гө чейин күндүзгү стационарлар иштөөдө. Ал эми түнкү стационарлар саат 20:00дөн 08:00гө чейин иштейт.

Пикир

Оставить комментарий