• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте 1-июндан тарта бир нече ишкерчилик субъекттердин иши жанданды (тизмеси) – Алымкулов

Коом 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Азизбек Алымкулов бүгүн, 1-июндан тарта кайсы ишкерчилик субъекттердин иши жанданганын жана 5, 8-июндан тарта кайсы тармактар иштеп баштай турганын айтып берди.

Анын айтымында 1-июндан тарта төмөнкү экономиканын субъекттери ишин жандандырууда.

1. Керектөөчү товарларды жана тамак-аш азыктарын өндүрүү жана соода-сатык чөйрөсүндөгү иштин бардык түрлөрү;

2. Калкты тейлөө кызматтары тармагындагы иштин бардык түрлөрү;

3. Аудит жана консалтингдик компаниялар;

4. Жарнама агенттиктери;

5. Туристтик жана рекреациялык объекттер (эс алуу үйлөрү, пансионттар, тарыхый жайлар ж.б.), жеке унаалар менен саякаттоо шарты менен.

5-июндан тарта:

1. Бала бакчалар;

2. Билим берүү борборлорунун ишмердүүлүгү (тил курстары жана билим берүү кызматтарынын башка түрлөрү) санитардык-гигиеналык ченемдерди жана окуучулар арасында аралыкты сактоо шарты менен).

8-июндан тарта:

1. Ички аба каттамы ("Бишкек-Ош" каттамы).

Төмөнкү багыттар боюнча чектөөлөр калтырылат:

- маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү жана массалык иш-чараларын өткөрүү;

- көңүл ачуучу жайлардын ишмердүүлүгү (түнкү клубдар, караоке, кальян ж.б.);

- интернет-клубдардын, ошондой эле компьютердик оюн жайларынын ишмердүүлүгү;

- кинотеатрлардын ишмердүүлүгү;

- соода жана оюн-зоок борборлорунда жайгашкан тамактануу жайларынын (фуд-корттор) ишмердүүлүгү;

- балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын ишмердүүлүгү (анын ичинде соода жана оюн-зоок борборлорунда жайгашкан);

- автобус, кичи автобус менен шаарлар жана аймактар ортосунда жүргүнчүлөрдү ташуу.

Пикир

Оставить комментарий