• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте 1-класстын окуучулары бир апта эс алат — мэрия

Билим 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын мектептеринде 1-класстын окуучулары 14-февралдан 19-февралга чейин кошумча каникулга чыгат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуу процесси 2022-жылдын 21-февралынан тарта уланмакчы.

Биринчи класстын окуучулары үчүн кошумча каникулдар КР Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен бекитилген 2021-2022-окуу жылына жалпы билим берүү уюмдарынын базистик окуу планынын негизинде билим берүү башкармалыгы тарабынан белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий