• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкектеги №1 ҮМБнын жаңы имараты июль айында пайдаланууга берилет

Коом 0

Бишкек, 28.03.23./Кабар/. Бишкектин Кызыл-Аскер конушунун Сельсовет көчөсүндө жайгашкан №1 Үй-бүлөлүк медициналык борборунун жаңы имараты июль айында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда имаратын биринчи кабатынын жана жертөлөсүнүн кирпичтери көтөрүлүп, электр жарыгы коюлду. Экинчи жана үчүнчү кабаттарда кирпич коюу иштери уланууда. Жаңы имарат 150 адамга ылайыкталып, жалпы аянты 1402 чарчы метрди түзөт. Жаңы курулган имаратта ЭКГ, УДИ, дарыгерлердин кабинеттери, техникалык жана чарбалык бөлмөлөр, стерилизация, жуунучу бөлмөлөр каралган.

"№1 ҮМБнын жаңы курулган имараты Ленин районунун тургундарынын көбүрөөк бөлүгүнө ыңгайлуу шарттарда жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берет", - деп белгилешти муниципалитеттен.

Пикир

Оставить комментарий