• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте 1 миң 469 мыйзамсыз объект алынды

Коом 0

Бишкек, 05.07.22. /Кабар/. Бишкекте 1 миң 469 мыйзамсыз объект алынды. Бул тууралуу Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, көрктөндүрүү жана жерди пайдаланууну контролдоо боюнча муниципалдык инспекция 4 миң 696 объектини текшерди.

“Аныкталган эреже бузуулар боюнча 33 жазма буйрук жазылган. Шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузуулар боюнча 285 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 2 млн 282 миң сомду түздү. Ошондой эле айлана-чөйрөгө зыян келтирүүчү желим, синтетикалык калдыктар жана тыюу салынган заттарды күйгүзбөө максатында 155 чарба субъекттерин текшеришти. Жыйынтыгында тыюу салынган буюмдарды өрттөө фактысы боюнча 16 миң сом суммасында 196 протокол түзүлдү”, - деди ал.

Абдыкадыров жерди пайдаланууну контролдоо боюнча объекттердин ээлерине 474 билдирүү берилип, 1 миң 469 объект бузулганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий