• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектеги эс алуу жайларында 1 млндон ашык гүл гүлдөйт

Коом 0

Бишкек, 25-апрель /Кабар/. Бишкектин клумбаларында «Жашылдандыруу» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери кооз бир жылдык гүлдөрдү отургузууну баштады.

Бишкек мэриясынан билдиргендей, учурда кызматкерлер Фучик атындагы паркка 700 даана, Эркиндик бульварына 1800 даана жана Жеңиш аянтына 6 миң даана гүл отургузуп жатышат.

Жалпысынан жазгы отургузууга 1 млн 400 миңден ашык бир жылдык гүлдөр эгилген. Борбордо бегоний, колеус, петуни жана башка гүлдүн 20га жакын түрүнөн гүлдүү килемдер болот.

Учурда бардык жоогазындар гүлдөп, шаардын тургундарын жана конокторун кубанычка бөлөп турган мезгили. Ошондой эле, жакында 3,5 га аянттагы розалар гүл ача баштайт.

“Жашылдандыруу” ишканасынын кызматкерлери архитекторлор менен биргеликте гүл клумбаларынын үлгүлөрүн даярдашкан. Азыр шаардагы коллектордук-дренаждык тармакты кол менен тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Мындай чара жазгы жаан-чачындуу мезгилде тротуарларга жана жолдорго суу толуп кетүүсүн алдын алуу максатын көздөйт.

Бишкек шаарынын мэриясы шаардын жашоочулары жана конокторунан шаарды сүйүүнү, гүлдөрдү сактоону жана “Жашылдандыруу” МИнин кызматкерлеринин эмгегин урматтоону өтүнөт.



Пикир

Оставить комментарий