• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте 1-сентябрдан тартып дем алыш жана майрам күндөрү муниципалдык унаа токтотуучу жайлар акысыз болот

Коом 0

Бишкек, 18.08.20 /Кабар/. 1-сентябрдан тартып муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын ишмердүүлүгү Бишкек шаарынын аймагында муниципалдык акы төлөнүүчү токтотмолорду уюштуруу тартиби жана шарттары жөнүндө убактылуу жобого ылайык жүргүзүлөт.

Бишкек шаардык мэриясы билдиргендей, жобого ылайык, муниципалдык акы төлөнүүчү жайлардын иштөө режими саат 8:00дөн 20:00гө чейин. Дем алыш жана майрам күндөрү токтотмолор акысыз. Кызматтар унаа 15 мүнөт токтотулгандан кийин акы ала баштайт. Токтотмого акы төлөөдөн ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер (1-2-топтогу майыптар) бошотулат.

Мэриядан кошумчалашкандай, муниципалдык токтотмолордун иши боюнча шаар тургундарынан көптөгөн арыздар келип түшүүдө.

"Бүгүнкү күнгө карата муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын расмий жана бирдиктүү тарифи – 25 сомду түзөт. Ал эми жеке токтотмолордун тарифин жеке компаниялар өздөрү түзөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Муниципалдык токтотмо экендигин кантип аныктаса болот?

Биринчиден, муниципалдык унаа токтотуучу жайларга тиешелүү бул жол белгилери. Белгилей кетсек, учурда белгилерди орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.

Экинчиден, кызматкерлер "Бишкектин унаа токтотуучу жайлары" муниципалдык ишканасынын логотиби менен саргыч түстөгү чыптамаларды кийип, атайын бейджиктерди тагынып жүрүшөт жана милдеттүү түрдө төлөгөндүгү тууралуу мөөр басылган талон беришет. Канча убакытка токтоткондугуна карабастан бирдиктүү тариф 25 сомду түзөт.

"Эскерте кетсек, Бишкек мэриясы өткөн жылы унаа токтотуучу жайларды өнүктүрүү үчүн бөлүмдү ишке киргизген. Бул убакытка чейин 14 токтотмо жана 14 унаа туруктары түзүлдү жана уюштурулду. Жалпысынан 2030 унаа токтотуу орунду түзөт. Муниципалдык токтотмолордун тизмеси бул жакта: https://www.meria.kg/ru/post/20650", - деп билдиришти мэриядан.

Бишкек мэриясы шаардыктардан "Бишкектин унаа токтотуучу жайлары" муниципалдык ишканасынын иштерине байланышкан көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеофактыларын 0555760966, 547967 номерине жиберүүнү өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий