• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте "Жарнамалык такта" рейди өтүп, 41 миң сомго айып салынды

Коом 0

Бишкек, 25.06.22. /Кабар/. Бишкекте "Жарнамалык такта" аталышында рейд өтүп, 41 миң сомго айып салды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү КРнын “Автомобил жүрүүчү жолдор” боюнча мыйзамына туура келбеген жол жээгиндеги мыйзамсыз жана өз алдынча илинген көрнөк-жарнактар, паннолор, плакаттар, жол белгилер жана багыт берчү көрсөткүчтөрдү иретке келтирүү максатында "Жарнамалык такта аталышында реддик иш-чара өткөрдү.

Анын жүрүшүндө 7 жаранга карата КР Укук бузуулар кодексинин 179-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, тийиштүү протокол толтурулуп, жалпы суммасы 41 миң сомго айып салынды.

Пикир

Оставить комментарий