• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте 10-кабаттан кулаган кыз каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. Бишкекте 10-кабаттан кулаган кыз каза болду. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Милициядан белгилешкендей, 1-март күнү болжол менен саат 01:00дө нөөмөт бөлүмүнө Исанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөн жаш кыз жерге кулап түшкөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине милиция кызматкерлери барган. Алдын ала маалымат боюнча, 2001-жылы туулган С.В. белгисиз себептерден улам турак үйдүн 10-кабатынан кулап түшкөн.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, сотко чейинки тергөө амалдары башталган. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий