• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте 10-кабаттан секирүүгө аракет кылган аял тууралуу маалымат тастыкталган жок — ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 22.11.21. /Кабар/. Бишкекте көп кабаттуу үйдүн 10-кабатынан секирүүгө аракет кылган аял тууралуу маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

ӨКМге Ч .Айтматов проспектисинин боюнда жайгашкан көп кабатту турак үйдүн 10-кабатынан аял киши секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

“Жерине 5 куткаруучу тартылып, куткаруучулар эки саатка жакын ошол жерден аялды издеп, бирок табышкан эмес. Окуя тууралуу чалып билдирген адамдын байланыш номери өчүрүлгөн болуп аныкталды. Өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат тастыкталган жок”, - деп айтылат маалыматта.

Милиция кызматкерлери бул маалыматты текшерүүдө.

Пикир

Оставить комментарий