• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте 10 жаштагы баланы сүзүп, из жашырган айдоочу кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 04.11.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте 10 жаштагы баланы сүзүп, из жашырган айдоочу кармалганын Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 31-октябрда “102” кызматына Жибек Жолу менен Республика көчөлөрүнүн кесилишинен жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаган. Анда 39 жаштагы Д.А. аттуу жаран 10 жаштагы Б.И. аттуу баласын жөө өтмөктөн өтүп жаткан учурда ак түстөгү Honda Fit унаасы сүзүп, белгисиз тарапка качып кеткенин билдирген.

Катталган жол кырсыгынын негизинде Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү тарабынан издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында 39 жаштагы Т.Ж. аттуу жаран кармалган.

Шектүү тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, унаа убактылуу токтотуучу жайга киргизилди.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий