• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте 11 көчө оңдоо иштеринен кийин ачылды

Коом 0

Бишкек, 10.09.21. /Кабар/. Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, 10-сентябрдан тарта Бишкектин 11 көчөсү капиталдык оңдоодон кийин жол кыймылы үчүн ачылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызмаыт билдирет.

Маалыматка ылайык, оңдолгон жолдордун жалпы узундугу 13,5 км түзөт.

Жол куруу иштери аяктаган көчөлөр:
- Көкчетай көчөсү Махатма Ганди көчөсүнөн Тоголок Молдого чейин;
- Ташкент көчөсү Ж.Турусбеков көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин;
-Ак-Ордо жаңы конушу Каркыра көчөсү Ю. Гагаринден Ак-Ордого чейин;
- Ф. Дзержинский көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен К.Баялинов көчөсүнө чейин;

Ошондой эле, Бишкек шаарында тыгындарды болтурбоо үчүн төмөнкү көчөлөрдүн унаа жүрүүчү бөлүгү ачылат:
- К. Карасаев көчөсү Байтик-Баатырдан Б.Юнусалиевге чейин;
- Стадионная көчөсү Ю. Абдрахмановдон Ынтымак конушундагы Магистральная көчөсүнө чейин;
- С. Будённый көчөсү Чүй проспектисинен У.Салиева көчөсүнө чейин;
- Жукеев-Пудовкин көчөсү Т. Медеровдон Т. Кулатовго чейин;
- А. Матросов көчөсү Т. Медеровдон И. Ахунбаевге чейин;
- Шота Руставели көчөсү И. Ахунбаевден Ю. Гагаринге чейин;
- М. Өмүракунов (Ю. Гагарин) көчөсү Т. Фрунзеден Ашарга чейин.
Бул көчөлөрдө тротуарларды куруу иштери улантылат.

Реконструкциядан кийин көчөлөрдүн унаа жолунун туурасы 7 метрден 11,5 метрге чейин, тротуарлардын туурасы 1,5 метрден 2,25 метрге чейин. Сугат тармактары да жаңыртылды.

Жол куруу иштеринин кепилдик мөөнөтү үч жылды түзөт. Бөдрөтчү компания үч жылдын ичинде аныкталган кемчиликтерди оңдоо иштерин өз эсебинен жүргүзөт.

Эскерте кетсек, "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасы эки жылга эсептелген. Долбоордо жалпы узундугу 70 чакырымдан ашкан 60 көчөнү реконструкциялоо, ошондой эле 5 көпүрөнүн курулушу пландалууда.

Реконструкция иштерин Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен подрядчы - China Road and Bridge Corporation жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий