• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте 11 миң сомдук телефонду уурдаган кыз кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.09.17. /Кабар/. Бишкекте 11 миң сомдук “Самсунг” үлгүсүндөгү телефонду уурдаган шектүү кыз кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын тургуну Свердлов РИИБне арыз менен кайрылган.

“Бишкектин тургуну арыз жазып, анда 20-сентябрда болжол менен саат 10:00 чамасында калаадагы соода түйүндөрүнүн биринен белгисиз бирөө уюлдук телефонун уурдап кеткендигин айткан.

Ыкчам-иликтөөнүн натыйжасында кылмышке шектүү делип 29 жаштагы О.Н., аттуу Чүй облусунун жараны кармалды”,-деп айтылат маалыматта.
Учурда иликтөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий