• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте 11 мугалим жана 22 окуучу коронавируска кабылган

COVID - 19 0

Бишкек, 08.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте 11 мугалим жана 22 окуучу коронавируска кабылган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиева билдирди.

Анын айтымында, окуучуда коронавирус катталса, ал окуган класс онлайн режимине өтөт.

“Ата-энелер кооптонуп жатса, анда арыз жазып балдарын аралыктан окутса болот. Учурда 2 миң бала арыздын негизинде онлайн режимине өткөн. Ал эми шаарда жалпы 105 миң окуучу аралыктан билим алууда”, - дейт ал.

Иманалиева Бишкекте окуу процесси мурунку тартипте уланарын белгиледи.

“Мектептин 6, 7, 8-класстын окуучулары гана онлайн окушат. Калгандары салттуу түрдө билим алышат. 11-апрелдеги шайлоого карата 14 бала бакчада шайлоо тилкеси түзүлгөн. Ал бала бакчалар 14-апрелге чейин жабылат. Ошондой эле мектептерде дагы окуу 14-апрелде башталат”, - деди Иманалиева.

Пикир

Оставить комментарий