• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте №11 жаңы бала бакча балдар үчүн эшигин ачты

Коом 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Тыныстанов көчөсүндөгү өрттөнүп кеткен салык кызматынын мекемесинин ордуна курулган жаңы бала бакча балдарды кабыл алууга толугу менен даяр.

Борбор шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы мектепке чейинки билим берүү уюмун педагогдор, Бишкек шаарынын ардактуу жараны Лидия Каткова, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров, вице-мэрлер Айжан Чыныбаева, Жамалбек Ырсалиев, Биринчи май районунун акими М.Нусубалиевдер ачышты.

Жаңы бала бакчага №11 деген номер берилди.

Бала бакчанын аянты 1216 чарчы метрди түзөт. Бул жерде төрт топтук ячейкалар даяр: 2 жаш, 1 орто жана 1 улуу топ. Жалпысынан бала бакча 100 баланы батыра алат.

Бала бакча балдарды жемиштүү окутуу үчүн бардык зарылчылыктар менен камсыз болгон. Балдар үчун ойноочу жана уктоочу бөлмөлөр, музыкалык жана спорттук залдар жана дааратканалар каралган. Биринчи кабатта кир жуучу, азык-түлүк сактоочу жана техникалык жай жайгашкан.

Бала бакчанын курулушуна шаардык бюджеттен 35 млн сом бөлүнүп, курулуш иштерин борбор шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын арызы боюнча “Эм Эс Билдинг” компаниясы жүргүздү.

Эске сала кетсек, жаңы бала бакчанын пайдубалы 2019-жылы күзүндө түптөлгөн, бүгүн болсо ал биринчи жолу балдарды кабыл алып жатат.

Пикир

Оставить комментарий