• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте 110 киловольттук электр чубалгыларынын астында мыйзамсыз курулуштар жайгашкан

Коом 0

Бишкек, 25-апрель /Кабар/. Бишкек шаарынын Муромская жана Селекционная көчөлөрүндө 110 киловольттук Ала-Арча - Ново-Южная жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларынын астында мыйзамсыз курулуштар жайгашкан. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган курулуштар жогорку чыңалуудагы электр зымдарынын астындагы курулуштар адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратып турат. Буга байланыштуу Мамэкотехинспекция тарабынан Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасына мыйзамсыз курулуштарды буздуруу боюнча бир нече ирээт эскертүүлөр берилген. Бирок талаптар аткарыла элек.

Инспекторлордун айтымында кафелер, унаа жуучу жайлар, соода жайлары кеминде электр чубалгылардан 4 метр алыстыкта жайгашуусу керек, бирок курулмалар электр чубалгаларынын түбүндө жайгашкан, ошондой эле авариялык кырдаал катталса оңдоо иштерин жүргүзүүгө бир топ тоскоолдуктарды жаратат.

Андыктан Мамэкотехинспекция жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын тейлеген ишканаларга, курулуш ээлерине мыйзамсыз жайгашкан курулуштарын тез арада коргоо тилкелеринен чыгарып, куруу иштерин токтотууну эскертет. Анткени, авариялык же чукул кырдаалдар катталса жарандардын өмүрүнө да коркунуч жаралышы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий