• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте 114 муниципалдык объектте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. Бишкекте 114 муниципалдык объектте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, 55 билим берүү уюму, үч балдар искусство мектеби жана “Айданек” балдар реабилитациялык борбору оңдолот.

“Оңдоо иштери буга чейин 13 мекемеде аяктап, калганын 25-августка чейин жаңылоо пландалууда. 11 саламаттык сактоо уюмунда комплекстүү оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле алты китепкана, эки маданият үйү жана эки музей оңдолот”, - дейт ал.

Мэрдин милдетин аткаруучу белгилегендей, оңдоп-түзөө иштери 2021-жылдын аягына чейин бүткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий