• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте 12-кичи райондо Лексус жана Ауди унаалары кагылышты

Кырсык 0

Бишкек, 31.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 31-январь күнү Бишкек шаарындагы 12-кичи районунда Нуркамал көчөсүндө Ауди менен Лексус унаалары кагылышкан.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат боюнча, жол кырсыгы болжол менен саат 08:00дө болгон.

Жол кырсыгынан эки айдоочу жабыркап, алар №4 шаардык ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий