• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте 12-кичирайондогу №1 Калкты тейлөө борбору карантинге жабылды – Каттоо кызматы

Коом 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 12-кичирайондогу (дареги: Нуркамал көчөсү 29, “ДК” соода борборунун имараты) №1 Калкты тейлөө борбору карантинге жабылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Мындан мурда паспортко документтерин тапшырган жарандар даяр паспортторун №1 Калкты тейлөө борборунун даяр паспорторду берүү кабинетинен ала алышат.

Маалыматка ылайык, учурда №2 (Ч. Валиханов көчөсү 2), №3 (Жаш Гвардия бульвары 4) жана №4 (Ауэзов көчөсү 1/5) Калкты тейлөө борборлору кадимки тартипте иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий