• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте жетинчи кабаттан кулаган 12 жашар бала каза болду

Коом 0

Бишкек. 05.04.19 /Кабар/. Бишкек шаарынын №5 кичирайонунда 12 жашар бала жетинчи кабаттан кулап каза болду. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык 4-апрель күнү 21:50 болгон. Тез жардам кызматы өспүрүмдү ооруканага жеткирген, бирок медиктердин аракетине карабастан бала реанимация бөлүмүндө каза болду.

Бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүүлөр жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий