• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте 13 мектеп жана бир бала бакча салттуу окутууга кайтты

Коом 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата 13 мектеп жана бир бала бакча салттуу режимде окутууга кайтты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, анын ичинде №17, 26, 88, 62, 6, 18, 4, 11, 12, 30, 32, 38 мектептер жана №135 бала бакча бар.

“Урматтуу шаардыктар! Өзүңүздөрдү жана жакындарыңыздарды сактаңыздар. Сиздерди жана сиздердин жакындарыңыздарды сактоонун төрт гана эрежеси бар: бет кап тагынуу, колду антисептик менен тазалоо, аралыкты сактоо жана эң башкысы эмдөөдөн өтүү”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий