• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте 13 жашар бала темир тосмого ийининен илинип калган - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 19.03.19. /Кабар/. Бишкектеги "Дордой" стадионунда темир тосмодон өтүүнү каалаган 13 жашар бала темирдин шишине ийининен илинип калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жерине куткаруучулар келип, темир тосмонун шишин кесишкен. Баланы болсо тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жалпысынан 5 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий