• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте 13 жаштагы окуучуну сүзүп, из жашырып кеткен айдоочу кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 09.10.18. /Кабар/. Бишкекте 13 жаштагы мектеп окуучусун сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды, - деп кабарлашты автоинспекциядан.

Маалымата ылайык, 7-октябрда болжол менен саат 17:40тар чамасында Аламедин көчөсүндө болжол менен көк түстөгү “БМВ” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө өтмөктөн 13 жаштагы окуучуну койдуруп кеткен.

Бир нече убакыт өткөндөн кийин шектүү кармалган, ал 21 жаштагы Саламат аттуу жаран болуп чыккан.

Айдоочу милиция бөлүмүнө жеткирилип, унаа айып унаа токтотуучу жайга токтотулган.

Айдоочу коюп кеткен мектеп окуучусу жеңил жаракат алган, ага дарыгерлер алгачкы жардам көрсөтүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий