• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкекте 130 миң түп жоогазын отургузулду

Коом 0

Бишкек, 19-апрель /Кабар/. Бишкекте аба ырайынын жылышы менен “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 2017-жылы 130 жоогазын отургузушту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда бардык жоогазын гүлдөп, кооздугу менен шаардыктарды жана шаар меймандарын кубантып турат. Ошондой эле, жакын арада розалар гүлдөйт. Алардын жалпы аянты 3,5 га жана миллиондон ашык бир жылдык гүлдөр айдалган. Жайында шаарда ар кандай түстөгү бегония, копеус, петуния, сальвия жана башка гүлдөр көздү кубандырып турат. Жалпысынан, шаар боюнча гүлдүн 20 түрү отургузулган.

“Жашылдандыруу” МИ кызматкерлери архитекторлор менен биргеликте гүл өстүрүүчү жайлардын эскиздерин даярдашкан. Учурда шаардын кыска көчөлөрүндө коллектордук-дренаждык түйүндөр тазаланып жатат. Бул иш чаралар гүлдөрдү сугарууда тротуарларды жана жолдорду суу каптоону алдын алуу максатында жүрүп жатат.

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарды жана шаар меймандарын өз шаарын сүйүүгө, гүлдөргө аяр мамиле кылууга жана “Жашылдандыруу” МИ кызматкерлеринин эмгегин сыйлоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий