• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте №14, 11, 9, 7, 2 троллейбустары кайрадан иштей баштады

Коом 0

Бишкек, 06.02.19. /Кабар/. Бишкекте №14, 11, 9, 7, 2 каттамдарындагы троллейбустары кайрадан иштей баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда шаар боюнча каттамда 2 миң 100 унаа каттап жатат. Алардын ичинде 1 миң 806 кичи автобус, 135 троллейбус жана 88 автобус иштөөдө.

Эскерте кетсек, Бишкек троллейбус башкармалыгынын көмөк чордонунда авария болгон. Мындан улам Манас проспектисинде (Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек жолуна чейин), Киев көчөсүндө жана Жибек Жолунда троллейбустар туруп калган.

Коомдук унаалардын ишине байланыштуу кийинки даректерге кайрылса болот:

- 0312 65 75 42, 63 51 99 –троллейбустардын иши боюнча;
- 0312 53 36 48 – кичи автобустардын иши боюнча;
- 0312 53 48 24, 53 18 17 – автобустардын иши боюнча.

Пикир

Оставить комментарий