• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте 15 киши сууктан тоңуп каза болгон, көпчүлүгү үйсүздөр

Коом 0

Бишкек, 26.01.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Калаада январдын башынан бери 15 киши үшүп каза болгон, алар негизинен үй-жайы жоктор. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, маркумдардын бардыгы каза болгондон кийин табылышкан.

“Мурдагы жумада үйү жок 239 адам табылган. Жүргүзүлгөн рейдден кийин, алар дароо “Коломто” баш калкалоо жайына жөнөтүлөт”,-деп билдиришти ведомстводон.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда нормадан төмөн суук аба ырайы 29-январга чейин сакталат.

Пикир

Оставить комментарий