Бишкекте 15 мектеп жетишпейт – вице-премьер-министр

Коом 0

Бишкек, 14.11.18. /Кабар/. Бишкекте 15 мектеп жетишпейт Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Анын айтымында, андан сырткары айрым мектептерди кеңейтип куруу зарыл.

Өз кезегинде Бишкектин вице-мэри Бактыбек Дүйшөмбиев жыл сайын борбордо 1 жаңы мектеп куруларын билдирди.

“Дароо 15 мектепти куруу оор. Бирок биз жыл сайын 1 мектепти колдонууга берип жатабыз. 30дай мектепте биз кошумча курулуш иштерин жасадык. Быйыл 4 мектепте толук реконструкция жасашты, 22 мектепте оңдоо иштери жүргүзүлдү”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий