• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкекте 15 жаштагы Алишер уулу Азамат дайынсыз жоголду

Кырсык 0

Бишкек, 25.04.18. /Кабар/. Октябрь райондук ИИБси дайынсыз жоголгон 2003-жылы туулган Алишер уулу Азаматты издөөдө. Ал үстүбүздөгү жылдын 21-апрелинде мектептен чыккан боюнча кайтып келген эмес.

Белгилери: бою – 160 см, орточо дене түзүлүштөгү. Ак түстөгү спорт кийимин кийип жүргөн, футболкасы сары, бут кийими кара түстө болгон.

Алишер уулу Азаматтын кайда экенин билгендер болсо, Бишкек шаардык Октябрь райондук ИИБге төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0(312) 54-41-84; 0(555) 102-309 же “102” кызматына.

Пикир

Оставить комментарий