• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте 16 жаштагы Айсулуу изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 25.08.22. /Кабар/. Бишкек шаардык Ленин райондук милициясы дайынсыз жоголгон Каныбек кызы Айсулууну издеп жатат.

Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиргендей, 24-августта шаар тургуну Н.Г. милицияга кайрылып, 2006-жылы туулган кызы Каныбек кызы Айсулууну табууга көмөктөшүүнү өтүнгөн. Ал 2022-жылы 23-августта 20:00дөр чамасында Бишкек шаарындагы "Баткен" кафесинен чыккан бойдон үйүнө барган эмес.

Азыркы учурда жоголгон кыздын кайда экени белгисиз.

Белгилери: бою болжол менен 155-160 см, орто дене түзүлүштө, бети тегерек, чачы узун кара.

Кийими: жеңи узун кара кофта, кара шым, бутунда боз түстөгү кроссовка.

"Урматтуу жарандар! Каныбек кызы Айсулуу тууралуу маалыматы барлар төмөнкү номерлерге байланышып коюңуздарды суранабыз: 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0 (312) 352-632, 0 (553) 102-880, 0 (773) 909-465, 0 (551) 088-330, 0 (701) 644-403, 0 (500) 032-000, 0 (755) 579-580 и 102",- деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий