• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте 17 өлкөнүн жөө күлүктөрү катышкан жарыш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 17.09.19. /Кабар/. Келе жаткан дем алыш күндөрү Бишкекте эл аралык Run the Silk Road – 2019 аталышындагы жарым марафон өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Эл аралык марафондун дирекциясы" коомдук бирикмесинин башчысы Мелис Надыров билдирди.

Иш-чара 22-сентябрь күнү болуп өтөт.

"Марафонго 2 миңден ашык адам катышат. Жарышта 3, 10, 21 чакырым жана таяк менен басуу каралган. Учурда 17 өлкөнүн жөө күлүктөрү билдирүү таштады. Байге фонду 504 миң сомду түзөт. Марафон түштүк магистралындагы "Газпром" спорт комплексинен башталып, спортчулар чыгыш тарапка Алматы көчөсүн карай чуркашат", - дейт Надыров.

21 чакырым аралыктагы жарышта жеңүүчү болгон адам 100 миң сом алса, күмүш байге ээсине 70 миң, үчүнчү келген жөө күлүккө 50 миң сом берилет.

Надыров белгилегендей, жарым марафонго 14 жаштан 65 жашка чейинки спортчулар жана андан улуу жаштагылар катыша алат. Ал эми, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жанында коштогонго бир кишини алып алса болот.

Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башкы адиси Марат Усеновдун айтымында, жарышка шаар мэри Азиз Суракматов баштаган шаардык муниципалитет өкүлдөрү жана Бишкек шаардык кеңештин депутаттары катышат. Ал эми "РСК банк" ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Айчүрөк Жакыпова билдиргендей, марафонго банктын 150 кызматкери катышат.

Жарым марафондун негизги өнөктөштөрүнүн бири "Кока Кола Бишкек Ботлерс" ЖАКынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси Канат Ногойбаев жарышка катышкандарга BonAquа суусу берилип турарын айтып өттү.

Белгилей кетсек, Бишкекте уюштурулган алгачкы жарым марафон 2 жыл мурун өтүп, ага 15 өлкөдөн 1 миң 600 жөө күлүк катышкан. Былтыркы жылы жарым марафондо 23 өлкөдөн келген 1 миң 800 адам жарыш түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий