• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте 17-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт

Коом 0

Бишкек, 13.10.17./Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын №247-р буйругуна ылайык, 2017-жылдын 17-октябрынан тарта Бишкекте үйлөргө жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Күн мурун мэриянын жыйындар залында вице-мэр Эркинбек Исаковдун жетекчилиги астында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча шаардык штабдын жыйыны болгон.

Жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы жылуулук мезгилине даярдык көрүү маселеси каралган. Маалыматка ылайык, “Бишкекжылуулукэнерго” ААК, “Бишкекжылуулуктармагы” жана Бишкек шаарынын ЖЭБ толугу менен жылуулук мезгилине даяр.

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 2017-жылдын 18-октябрынан тарта абанын температурасы төмөндөп, 1-3˚С жетет.

Объектилерге жылуулук берүү бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте мектеп, бала бакча, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине жылуулук берилет.

Пикир

Оставить комментарий