• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте 17-сентябрда жалпы ишембилик өтөт

Коом 0

Бишкек, 12.09.22. /Кабар/. Бишкекте 17-сентябрда жалпы ишембилик өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясында өткөн пландык кеңешмеде вице-мэр Олег Попиков билдирди.

Маалыматка ылайык, пландык кеңешме борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы астында өтүп, анын жүрүшүндө таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу, Бишкек курултайын өткөрүү жана алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык маселелери талкууланды.

Биринчи маселе боюнча борбордун вице-мэри Олег Попиков маалымдагандай, 17-сентябрда борбор калаада массалык ишембилик өтөт. Негизги басым бекитилген участокторго ылайык короо ичиндеги аймактарды тазалоого багытталат.

Ошондой эле "Тазалык" муниципалдык ишканасына таштандыларды өзүнчө чогултуу үчүн тиешелүү таштанды контейнерлерин сатып алуу боюнча сунуштарды берүү, ал эми акимиаттарга пилоттук долбоор ишке ашырыла турган даректерди аныктоо тапшырылды.

Мындан тышкары, борбор калаанын мэри "Бишкасфальтсервис" ишканасына шаардык жолдордо жол белгилерин түшүрүү жана тротуарларды оңдоо боюнча иштерди тездетүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий