• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте 17 жаштагы айдоочу кайгуул кызматынан качып, бир нече унааны сүзгөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. Бишкекте 17 жаштагы айдоочу Милициянын кайгуул кызматынан качып, бир нече унааны сүзгөн.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, 2-октябрда саат 10:00дөр чамасында Буденный көчөсү менен Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде Honda Stepwgn унаасы жол эрежесин бузгандыгы үчүн кайгуул кызматкерлери тарабынан токтотулган.

Кызматкерлер документтерди текшерүү учурунда айдоочу кызматкерлерге баш ийбей унаасы менен качып жөнөгөн. Жолдо качып бара жатып Салиев жана Буденный көчөлөрүнүн кесилишинен Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унааны сүзгөндүгүнө карабай андан ары да качып жөнөгөн.

Кызматкерлер артынан кууп, Лермантов көчөсүндө жайгашкан “Таатан” соода борборунун астынан унааны кысып токтотушкан. Бирок айдоочу ошол жерде да кайгуул кызматынын унаасын сүзүп, андан ары качууну уланткан. Акыры ал Кой-Таш айылынан кармалып, айдоочу 17 жаштагы Ж.Э. экендиги аныкталган.

Айдоочу жашы жете элек өспүрүм болгондуктан туугандары чакыртылып, аларга өткөрүлүп берилген. Ал эми жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 32 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынып, унаасы убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий