• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте 17 жаштагы эки кыз үй тоноого шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.07.19. /Кабар/. Бишкекте 17 жаштагы эки кыз үй тоноого шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициядан билдиришти.

Милициядан белгилешкендей, 21-март күнү Биринчи май райондук милицияга У.Т. аттуу жаран кайрылып, белгисиз бирөөлөр үйүн тоноп кеткенин билдирген. Анын айтымында, 21-март күнү болжол менен саат 16:20да уурулар үйүнө кирип, 30 миң сом, эки уюлдук телефонун жана 3 даана паспорт уурдап кетишкен.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, "Уурдоо" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Бул ишке шектүү катары К.А. жана К.У. аттуу 17 жаштагы эки кыз кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда, кармалгандардын башка иштерге катыштыгы текшерилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий