• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте 17 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелген жаш бала кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 16.10.18. /Кабар/. Биринчи май райондук ИИБнин кызматкерлери кыздын өлүмүнө шектүү делген баланы кармашкан.

Бишкек ШИИБнен кабарлашкандай, 15-октябрда болжол менен таңкы саат 7:30дар чамасында “102” кызматына жаңы конуштардын биринде күч колдонуп өлтүрүлгөн адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Кырсык болгон жерге Биринчи май райондук ИИБнин тергөө-ыкчам тобу барган. Жеринде жаш кыздын жансыз денеси табылган. Маркумдун өздүгү такталган, ал 2001-жылкы Э.Б., аттуу жаран болуп чыккан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Ыкчам-издөө иш-аракетинин жүрүшүндө окуяга шектүү катары 1999-жылкы Т.у.Д., аттуу Бишкектин тургуну кармалган. Азыркы учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди, иликтөө иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий