• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте 18 жаштагы айдоочу үч адамды сүзүп, кырсыктан 6 жашар кыз каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 05.09.19. /Кабар/. Бишкекте жеңил унаа балдары менен бараткан энесин сүзүп, окуя болгон жерден кетип калган. Жол кырсыгынан 6 жашар кыз каза болгон. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 4-сентябрда саат болжол менен 18:45те Профессор Зима көчөсү менен түндүк тарапка бараткан унаа Архитектура көчөсүнө бурулуп жатып 3 жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Айдоочу кырсык болгондон кийин качып кеткен.

Кырсыктан кийин 41 жаштагы С.Г., жана 3 жаштагы С.У., аттуу жарандарды тез жардам кызматы ооруканага жеткирген. Ал эми, 6 жаштагы Б.Б., аттуу жаран алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иштеринен кийин "Даймлер-Бенц-230" үлгүсүндөгү унаа "Тополек" кафеге жакын жерден табылган. Унаанын ээси 18 жаштагы З.А., аттуу жаран экени аныкталып, кармалган.

Чогултулган материалдар тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий