• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкекте №187 бала бакчанын кошумча имараты бүткөрүлдү – мэрия

Коом 0

Бишкек, 01.10.20. /Кабар/. Бишкектин Кайыңды конушундагы №187 бала бакчанын кошумча имараты бүткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Бала бакчаны Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жумабек Салымбеков Свердлов районунун башчысы Мурат Осмонов менен биргеликте ачты.

Белгилей кетсек, бир кабаттуу кошумча курулуштун аянты 155 чарчы метрди түзүп, коридор аркылуу негизги имаратка кошулат. Анда уктоочу, оюн бөлмөлөрү, кийинүү бөлмөсү, коридор, идиш жуучу бөлмө, даараткана, музыкалык зал жана кампа жайгаштырылган.

Курулуш иштерине шаардык бюджеттен 6,7 миллион сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий