• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте №19 мектептин 198 орунга эсептелген кошумча имараты салынууда

Коом 0

Бишкек, 09.07.20. /Кабар/. Бишкекте №19 мектептин 198 орунга эсептелген кошумча имаратынын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан билдиришкендей, жаңы курулуп жаткан эки кабаттуу имараттын аянты 1,2 миң чарчы метрди түзөт.

“Мектеп сейсмологиялык жактан кооптуу жерде жайгашкандыктан курулуш иштерине катуу көзөмөл жүргүзүлүүдө. Ал 9 баллдык жер титирөөгө чыдай ала тургандай салынууда”, - деп билдирет мэрия.

Жаңы имараттын курулушуна шаардык бюджеттен 45 млн сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий