• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте 19 жаштагы айдоочу кыз окуучуну сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. Бишкекте Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен айдоочуну кармады.

Милициянын кайгуул кызматынан "Кабар" агенттигине билдиришкендей, 29-октябрда болжол менен 17:00дөр чамасында Эркиндик бульвары менен Чокморов көчөлөрүнүн кесилишинде Chevrolet Spark унаасынын айдоочусу 2009-жылы туулган кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада жабыркаган кыз ооруканага жаткырылган.

Аталган факты боюнча издөө иштеринин жүрүшүндө 19 жаштагы А.Ж. аттуу кыз кармалып, Ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал эми унаа айып аянтчасына токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий